Ажылык сапарга электрондук каттоо 16-декабрда башталат

Ажылык сапарга электрондук каттоо 16-декабрда башталат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттын маалыматына ылайык, каалоочулар ID-карта аркылуу 30-декабрга чейин катталса болот.

 

Алгачкы төлөм 500 доллар төлөнгөнүн тастыктаган квитанциянын негизинде гана кезекке тургузуу жүргүзүлөт, — дешти андан. Эске салсак, быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 5 миң 510 квота бөлүнгөн.