Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 долларды түзөт

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 долларды түзөт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттан белгилешкендей,

ажылык сапарга катталып, алдын ала 500 доллар төлөгөн жарандар калган 2 миң   850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейинки аралыкта төлөөсү шарт.

 

Өткөн жылы зыяраттын баасы бир кишиге 3 миң доллар болгон. Муфтият быйылкы баанын көтөрүлүшүн Сауд Арабиясы виза, медициналык камсызданырууга акча алганына байланыштырууда. Быйыл Кыргызстанга  6 миң  110 квота бөлүндү.