Жыл башынан тарта Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 24 миллион сом жумшалды

Жыл башынан тарта Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 24 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 12 миллион 962 миң сом, ички карыз боюнча — 11 миллион сом багытталды.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард  530 миллион сомго жетти. Бересенин басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксимбанкы алдында.