Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 миллион доллар бөлүп берет

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды.

 

Белгилүү болгондой, каражат өлкөнүн соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндүмдүүлүгүн арттыруу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана Баткенди калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

 

Сумманын 25 миллион доллары насыя, калганы грант. Кредитти Кыргызстан 2046-жылы төлөп бериши керек. Баштапкы  8 жылы жеңилдетилген мөөнөт деп эсептелип, үстөгү 1 пайызды түзөт.