Бүгүн 10 миңден ашык элдик кошуундун мүчөлөрү Бишкекте коопсуздукту камсыздайт.
Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов билдирет. Анын айтымында, аталган бирикме
милиция менен биргеликте иштеп жатат. Өзгөчө көңүл калаадагы жашоо-турмушту
камсыздоочу стратегиялык объектилерге бөлүнөт. Белгилеп кетсек, мародерлук жана
башаламандыктарды алдын алуу максатында “Коопсуз шаардын”
камераларынан маалыматтар үзгүлтүксүз чогултулуп жатат.