Бүгүн Бишкекте Чүй проспектиси унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэриянын маалыматына караганда, кеп Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жөнүндө болуп жатат.
Чектөөлөр күндүзгү саат 4төн түнкү 12ге чейин болот. Иш-чаралар ордо калаанын 145 жылдыгына карата концерт өткөрүүгө байланыштуу.
Жол тыгындарын болтурбоо үчүн айдоочулар каттамды алдын ала пландап алуусу керек.