Үстүбүздөгү жылдын март айында кыргызстандык мигранттар өлкөгө 144 миллион доллар которду

Үстүбүздөгү жылдын март айында кыргызстандык мигранттар өлкөгө 144 миллион доллар которду.

Бул көрсөткүч февралга караганда 13 пайызга аз. Мындай маалыматты Улуттук Банк тастыктады.

Которулган сумма былтыркы жылдын март айына караганда 52 миллионго же 26 пайызга төмөндөдү.

Быйылкы жылдын биринчи кварталына ылайык республикага 457 жарым миллион доллардан

көбүрөөк которулду. Бул өткөн жылдын аталган мөөнөтүнө караганда 83 миллион долларга же 15,3 пайызга аз.