Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы мектеп курулуп жатат.
Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объект Күн-Туу айылында жайгашат. Имарат 500 окуучуга ылайыкталган.
Бул жерде окуу класстарынан тышкары актовый зал, китепкана, стоматологиялык, врачтык кабинеттер да бар.
Мектепти быйыл бүтүрүү пландалууда.