Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

 

Мэриянын маалыматына караганда, саат 10дон түнкү 11ге чейин Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын төмөнкү бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондору, Көк-Жар конушу менен чектешкен аймакта суу болбойт. Мунун себеби 11-кичирайондогу таза суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.