Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү

Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, авиакаттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат.