Бүгүн Оренбургдан дагы 413 жаран автобус менен алып келинди

Россиянын Оренбург облусунан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«24-май күнү тогуз автобустан турган колонна Оренбург облусунан 413 жаранды алып келди. Алар алгоритмге ылайык медициналык кароодон өтүп, обсервацияга жайгаштырылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлиги калган жарандарга чек ара ачылмайынча Россия менен Казакстандын чек арасы тарапка барбоого чакырат.

«Күтүүсүз кадамдарга барып, эмоцияга алдырып, башка адамдардын жашоосуна коркунуч жаратпоого үндөйбүз. Учурда жашап жаткан өлкөнүн бийлигин чукул чечим кабыл алууга мажбурлабаңыздар», — деп суранды министрлик.

Алгач Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 мекендешибиздин кыргыз тарап жиберген автобустар менен жолго чыкканы айтылган. Кийин алардын арасында башка өлкөлөрдүн дагы жарандары болгондуктан, бир нечеси Россия, бир нечеси Казакстандын чек ара пунктуларынан өтө албай калышкан эле.