Кыргызстанда жыл ортосунда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт

Кыргызстанда жыл ортосунда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт. Бул тууралуу МИР телеканалына Улуттук банктан билдиришти. Бирок, баалар кайра төмөндөйт, — дешти өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.

 

Мындай көрүнүш бүткүл дүйнө боюнча байкалат. Баалардын көтөрүлүшү инфлянцияга алып келет. Белгилеп кетсек, өткөн жылдын февраль айынан бери жылдык инфлянция 10 пайыздан ашты. Адистердин айтымында, абал жылдын аягында гана бир аз турукташат.