Бүгүнкү күндө Россиядан Кыргызстанга электр энергияны импорттоо 9,2 млн кВт саатты түздү

Россиянын “Интер РАО” компаниясы 15-апрелден тарта Казакстан аркылуу Кыргызстанга электр энергияны импорттой баштады.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, электр энергияны берүүнүн суткалык көлөмү 3,6-5,3 млн кВт саатты түзөт.

 

“Учурда саатына 400 МВтка чейин жеткирилүүдө. Электр энергиясын берүүнүн суткалык көлөмү Казакстандын электр тармактарынын кубаттуулугуна жараша болот. Электр энергияны жеткирүү сутка сайын транзиттик компания менен макулдашылат. Бүгүнкү күндө оперативдүү маалыматтар боюнча, Россиядан электр энергияны импорттоо 9,2 млн кВт саатты түздү”, — деп айтылат маалыматта.

 

Белгилей кетсек, “Интер РАО” компаниясы менен “Электр станциялары” ААКсы 2023-жылдын мартынан 2024-жылдын мартына чейинки мезгилге 873,9 млн кВт саат электр энергиясын, анын ичинде 2024-жылдын 1-кварталында 313 млн кВт саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.