Токтогул сактагычында суунун деңгээли 9 миллиард кубометрден төмөндөдү.
“Электр станциялар” компаниясынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы резервуарында 8 миллиард 740 миллион куб нымдуулук калды.
Суунун агып кириши секундасына 160 кубометр болсо, чыгышы дээрлик 5 эсе көп – 831 куб. Буга байланыштуу энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет.