Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылында жарым кылымдан бери алгачкы жолу электр энергиясы пайда болот

Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылында жарым кылымдан бери алгачкы жолу электр энергиясы пайда болот. 6-июнда бул жерде биринчи электр мамыларын орнотуу башталды.

 

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров билдиргендей, долбоорду ишке ашыруунун баасы 25 миллион сомду түзөт.

 

Чыгымдардын бардыгын “Жалал-Абадэлектро” бөлүштүрүүчү компаниясы өзүнө алды. Пландалгандай, 18 чакырым электр өткөрүү линиялары тартылат. Айылда жарык 1-сентябрда пайда болот. Белгилеп кетсем, бүгүнкү күндө Кыргызстандын    5 айылында электр энергиясы жок.