CASA-1000 долбоорунун алкагында линияларды өткөрүү иштери жүрүп жатат

CASA-1000 долбоорунун алкагында линияларды өткөрүү иштери жүрүп жатат. Улуттук электр тармактары компаниясынын маалыматына ылайык, линиянын жалпы узундугу 456 чакырымга жетет.

 

Ал Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өтөт. Жеринде ошондой эле котловандарды казуу, мамыларды орнотуу жана жол куруу иштери жүрүүдө.

 

Эске салсак, CASA-1000 долбоору Борбордук Азиянын энергетикалык системасын Түштүк Азия менен байланыштырып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу үчүн механизмдерди иштеп чыгууга багытталат.