24.04.24 — Кыргызстанда 300дөн ашуун түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24.04.24 сандарын камтыган «өзгөчө» датада 317 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Бакыт үйүндө жалпы 73 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, Ош шаарында болсо 15 салтанат өттү.