Ат-Башы районунда үч мектеп жана эки бала бакча обсервацияга берилди

Ат-Башы районунда үч мектеп жана эки бала бакча обсервацияга берилди.

“Акипресске” район акими Нурбек Сатаров билдиргендей, мекемелерде бардык

шарттар түзүлдү. Оорунун очогу болгон айылдар жана вирус аныкталгандардын

үйү толугу менен дезинфекцияланды. Санитардык тазалоо иштери тынбай

жүргүзүлүп жатат. Хлор, антисептик жана башкалар жетиштүү, болгону

респираторлордо тартыштык бар, — деди аким. Кошумчаласак, эртеңден тартып

Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилет.

Аймакта коронавируска 34 адам кабылганы аныкталды.