Мектептерде 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи этап 2-июнга чейин мыйзамдуу катталган жери боюнча жүргүзүлсө, ал эми экинчи этапта балдар 3-июндан 30-августка чейин иш жүзүндө жашаган жеринен каттоого алынат.
Каттоо mektep.edu.gov.kg автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.
Порталдагы каттоодон өтүү үчүн ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин жана баланын жеке идентификациялык номери талап кылынат.