Дүйшөмбүдөн тарта 10 шаардын мектептерине электрондук кезек менен 1-класстарга балдарды кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, системага катталуу 15-февралда старт алып, 15-августка чейин созулат. Программа Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларында киргизилген.
Ошондой эле 15-апрелден тарта электрондук кезек системасы Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларынын мектептеринде жеткиликтүү болот.