Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайда болду

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайда болду. 24 агенттигине мектеп директору Алтынбек Айдаров билдиргендей, курулуш өткөн жылдын май айында башталган.

 

Имарат 275 окуучуга чакталат. Анда спорт зал, ашкана, акты зал каралган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 75,5 миллион сомду түзөт.