Жалпы республикалык тестирлөө эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт. Буга Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, абитуриенттер ортосунда коопсуз аралык сакталып, антисептиктер колдонулат. Ар бир бүтүрүүчү сынакта беткапчан отурат. Санитардык эрежелер республикалык штаб тарабынан иштелип чыккан, — деди чиновник.

 

Белгилеп кетсек, 23-майга чейин мектеп бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөө тапшырат. Сынакка 42 миң 817 бүтүрүүчү катталган.