Балдарды бала-бакча жана мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тарткандарга айып пул салуу сунушталды

Билим берүү министрлиги балдарды бала бакчага жана мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тарткандарга айып пул салууну сунуштоодо.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү мекеме коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, балдарды электрондук кезек системасы аркылуу бала бакчага кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 1000 сом, кызмат адамдарына 2 миң өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Мектепте ушундай эле мыйзам бузуу үчүн – 4 миң жана 8 миң сом айып каралууда.

Эске салсак, Бишкек мектептерине 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек 11-апрелде ачылат.