Бишкек мэриясы мектеп окуучуларынын жана бала бакча тарбиялануучуларынын тамак-ашына багытталган каржатты көбөйтүү ниетинде

Бишкек мэриясы мектеп окуучуларынын жана бала бакча тарбиялануучуларынын

тамак-ашына багытталган каржатты көбөйтүү ниетинде. Вице-мэр Мирлан Байгөнчөков

билдиргендей, окуучулар үчүн 14 сомдон 22 сомго, бакчадагы бөбөктөргө 60 сомдон

120 сомго көбөйтүү пландалууда. Бул максатта жалпысынан 243 миллион сом керектелет.

Бул маселе учурда бюджеттик комиссияда каралууда. Белгилеп кетсек,

бала бакчаларда тамак-аштын суммасы 2011-жылдан бери карала элек.