Кыргызстанда 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү тилкеден тышкары өтүүдө

Кыргызстанда 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү тилкеден тышкары өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жалпысынан 730 арыз түшкөн.

Белгилеп кетсек, ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо участогуна келе албагандар, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, камак жайларында, алыскы жана өтүүгө кыйын болгон жерлерде жашагандар мекемеден тышкары добуш берүүгө укуктуу.

Кошумчаласак, эртең Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана 13 аймакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.