Быйыл жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн түрүндө болот

Быйыл жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн түрүндө болот. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Анын айтымында, абитуриенттер атайын ачылган платформага талондорду жөнөтүшөт.

 

Онлайн түрүндө окуу жайга тапшыруунун жол жобосу иштелип жатат, жакынкы күндөрү сунушталат. Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн 116 борбор дайындалды. Тестирлөө 3 этап менен өткөрүлөт.