Жалал-Абад шаарында 9 миллион евролук таза суу долбоорунун 2-фазасы башталды.
Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилеп кетсек, аймактагы суу менен жабдуу тутумдары 1950-60-жылдары курулган.
Долбоор аяктаса таза суу түтүктөрү жаңыланып, башка саркынды суу түтүктөрү курулат.
Ага кошо буга чейинки саркынды суу чогултуучу жай калыбына келтирилет.