Балыкчыга жаңы мэр дайындалды

Балыкчы шаарынын мэрлигине 7-июлда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагалыгынан кеткен Бакыт Шаршеев дайындалды.

Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

Шаардын мурунку мэри Аманат Сыдыков ээлеген кызматынан четтетилгенин, мындай чечим президенттик аппаратта кабыл алынганын басылма өз булактарына таянып билдирди.

Эске салсак, «Манас» аба майданына жаңы башкы директор болуп Манас Самидинов дайындалган.