Түрк инвесторлору Бишкекте заманбап трамвай тармагын курууга кызыктар

Түрк инвесторлору Бишкекте заманбап трамвай тармагын курууга кызыктар.

Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Мындан тышкары, түрктөр Лейлек районундагы Исхак Раззаков аэропортун жаңылоо ниетин билдиришти.

Натыйжада, аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен макулдашууга жетишилди.

Маалыматка ылайык, инвестиция сала турган компания 1965-жылы негизделген жана дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө транспорт, инфраструктура, курулуш жана башка тармактарда иш алып барат.