Кыргызстан жана Өзбекстан чек ара маселеси боюнча 2 протоколго кол койду

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

 

 

Тараптар узундугу 94,5 км болгон кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнчамакулдашууларга кол коюшту. Ошондой эле макулдашылбаган 10 тилкенин бириталкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду.

 

 

 

«Тараптар чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин активдештирүүнү макулдашты жана үстүбүздөгү жылдын соңуна чейинкижумушчу жолугушуулардын графиги бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлөт», — дедиөкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы өкмөттүнчек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев.