Бишкекте Курман айт майрамына карата намазга 10 миңден ашык адам катышты

Бишкекте Курман айт майрамына карата намазга 10 миңден ашык адам катышты.

Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ведомстводон такташкандай, коомдук тартипти 2 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөдү.

Маалыматка ылайык, эч кандай окуялар жана мыйзам бузуулар катталган жок.

Белгилеп кетсек, Бишкектин Эски аянтында өткөн айт намазга президент Садыр Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.