“Барселона” жылдыздуу оюнчусу Лионель Мессини кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Испаниялык спорт журналисти Хави Кампостун айтымында, футболчу ПСЖдан кеткенден кийин каталондук клубга 1 же 2 жылга кайтышы мүмкүн.
Эске салсак, Месси карьерасынын басымдуу бөлүгүн Барсада өткөрдү – 2003-жылдан 2021-жылга чейин.