Ош мектептерине 200дөй мугалим жетишпейт.
Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бош вакансиялардын басымдуусу же 118и – орус тилдүү мектептерге тиешелүү.
Кыргыз тилинде билим берген мектептерде 7 мугалим жетишпейт жана өзбек тилдүү мектепте 5. Ош шаарынын орто билим берүү мекемелерине башталгыч класстардын, математика, физика, химия, география, тарых, англис тили жана музыка предметтери боюнча мугалимдер талап кылынат.