Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелиндеги оңдоо иштери аяктап, кыймылга чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелиндеги оңдоо иштери аяктап, кыймылга чектөөлөр алынды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, эми транспорт өтмөктөн эч тоскоолдуксуз өтө алат.

 

Эске салсак, июлдагы туннелдин ичиндеги авариядан кийин электр линиялары жабыркап, оңдоо иштери үчүн кыймылга чектөөлөр киргизилип жаткан.