Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлдү

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлдү.

Документ өзүнө аймак жетекчисинин укуктарын күчөтүүнү, жеңилдетилген каржылоо механизмин,

бюджетти уюштуруунун өзгөчө тартибин, инвесторлор үчүн мамлекеттик кепилдикти, мамлекеттик

сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режимин, ошондой эле мектеп жана маданият мекемелерин

мамлекеттик бюджеттин эсебинен камсыздоону камтыйт. Документ 2-апрелде коомдук талкууга чыгарылган.