Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отставкасын кабыл алган жарлыкка кол койду.
Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.
“Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат”, — деп айтылат маалыматта.