Баткен облусунда 72 маршруттук каттамдын 8и иштеп жатат

Баткен облусунда 72 маршруттук каттамдын 8и иштеп жатат.

Унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек Каимбаев билдиргендей,

Лейлек жана Баткен райондорундагы коомдук унаалардын экөө эл аралык болсо,

алтоо шаар четинде каттап жатат. Маршруттук каттамдар убактылуу гана ишке киргизилди.

Эвакуацияланган жарандар туруктуу жашаган жерине толук кайткандан кийин

бардыгы штаттык режимде иштеп баштайт.