50 миллион евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Венгриянын премьер-министри
Виктор Орбандын чакыруусу менен 28-29-сентябрда өлкөгө расмий сапар менен барат.
Анда кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюлат. Алардын катарында
эң негизгиси — бул стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларация каралат.
Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу,
соода-экономикалык кызматташуу, суу ресурстарын башкаруу тармактары бар.