Бишкекте айрым ири соода дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди

Бишкекте айрым ири соода дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди.

Товарлар бүт кардарларга жетиши үчүн биз кээ бир өтө чоң суроо талапка ээ азыктарга убактылуу чектөө киргизип жатабыз.

Ажиотаж жаратпаңыздар, дүкөндүн текчелерин күнүгө азыктарга толуктап турабыз, – деп айтылат маалыматта.

Бирок билдирүүдө кайсы азыктарга чектөө киргизилгени так айтылган эмес.

Эске салсак, Россия Евразия экономикалык биримдигинин өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин жана кантты экспорттоого убактылуу чектөө киргизди.

Бул 31-августка чейин күчүндө болот.