Кыргызстанда номиналдык маянанын көлөмү 19 миң 395 сомду түздү.
Көрсөткүч чакан ишканаларды эсепке албаганда быйылкы жылдын жарым
жылдыгына карата түзүлдү, — дешти Улуттук статистика комитетинен.
Маалыматка караганда, сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине
салыштырмалуу 7,9 пайызга көбөйдү. Анын ортосунда эң жогорку
номиналдык эмгек акы Бишкекте – 24 миң 600 сомго жетет, ал эми
эң төмөнкүсү Баткен облусунда – болгону 14 миң сом.