Баткен облусунда куралдуу кагылышта жабыркагандарга жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 12 миллион сомдон ашык компенсация берилди

Баткен облусунда куралдуу кагылышта жабыркагандарга жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 12 миллион сомдон ашык компенсация берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Ал эске салгандай, буга чейин министрлер кабинетинде бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө токтом кабыл алынган.

 

Ага ылайык, каза тапкандардын жакындарына 1 миллион сомдон, ал эми жабыркагандарга алган жараатына жараша 100 миңден 200 миң сомго чейин берилди. Кошумчаласак, сентябрдагы чек ара жаңжалында 63 кыргызстандык каза тапты, 200дөн ашык адам жабыркады.