Кыргызстанда таксисттер лицензия алууга милдеттендирилиши мүмкүн. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди. Анын айтымында, айдоочуларга бир катар талаптар коюлат.
Анын ичинде айдоочу тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болуп, техникалык кароодон өтүп, камсыздандыруу полиси, патент жана Соцфондко которуулары болушу зарыл.
Бул талаптар аткарылгандан кийин гана такси айдоочусуна 1 жылга лицензия берилет. Бузуулар катталса, айып салынат. Урмамбетов белгилегендей, оң рулдуу унааларга такси лицензиясы берилбейт.