Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, Мурас-Ордо, Алтын-Бешик,
Көлмө, Тынчтык конуштарынын көчөлөрүнө электр энергияны
үнөмдөгөн 500гө жакын диоддук чырак орнотулуп, электр
чубалгылары тартылды. Учурда иштер Ак-Босого жана
Калыс-Ордо конуштарында уланууда.