Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге насыяларын жоюу уланууда

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге насыяларын жоюу уланууда. Чийилген сумма 20 миллион сомго жетти. Андан тышкары, 53 миллион сомго барабар 200 кредит боюнча төлөө шарттары жеңилдетилди.

 

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 450дөн ашык жаран арыз менен кайрылган.

 

Мекемелер ар бирин карап, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгарууда.