Баткен облусунун Чечме айылындагы тургундарга жардам көрсөтүлдү.
Аймактык башкармалыктан “Турмуш” басылмасына билдиришкендей,
чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга премьер-министрдин резервдик фондунан
материалдык жардамберилди. Жалпысынан 8 жаранга 3 миң сомдон 770 миң сомго чейин
акчалар тапшырылды. Эске салсак, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районунда
эки өлкө жарандары ортосунда жаңжал чыккан. Ага Чечме булагын талашуу себеп болгон.
Маселе тургундар бири-бирине таш ыргытууга чейин алып барган.