Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жаңы борбордо маалымат алуу бөлүмү жана күтүү залы каралып,

мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн. Анда калкты каттоо, паспорт берүү бөлүмү,

жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, банк кассасы, нотариус, сүрөт жана көчүрмө кызматтары бар.

Эми жаңы бөлүмдөдөн жарандар сыртка чыкпай эле документтерин топтой алышат.

Кошумчаласак, Сузак районунун 300 миңден ашык калкына 36 каттоо кызматы иш алып барат.