Баткен районунда тарых музейи курулат

Баткен районунун Кара-Булак айылына тарых музейинин имаратын куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

Курулуштун пландалган суммасы 26 миллион сомдон ашат.

Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 21-декабрга белгиленген.