Илон Маск планетадагы эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунду жоготту

Америкалык ишкер Илон Маск планетадагы эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунду жоготту.

Рейтингди француз ишкери Бернар Арно жетектегенин Forbes басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, Масктын байлыгы 184 миллиард долларга бааланса, Арно жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү 185 миллиард долларды түзөт.

Арного таандык компания ар кандай кымбат баалуу буюмдарды чыгаруу менен алектенет.

Штаб-квартирасы Парижде жайгашкан.