Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууну жокко чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууну жокко чыгаруу пландалууда.

Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте каралып жатат.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдиргендей, буга чейин эркектер 60 жашында, ал эми аялдар 55 жашында пенсияга чыга алчу.

Азыр министрлер кабинети бул норманы алып салуу сунушун киргизди. Кийинки жумада мыйзам долбоорун жалпы жыйынга алып чыгабыз, — деди ал.

Алиев кошумчалагандай, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт, учурда эркектер 63 жаштан, ал эми аялдар 58 жаштан пенсияга чыгат.