Түштүк Кореяда Чыңгыз Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары» повестинин негизинде спектакль коюлду

Түштүк Кореяда Чыңгыз Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары» повестинин негизинде спектакль коюлду. Кореялык актёр, актрисалар ойногон спектаклди казакстандык жаш режиссёр Дина Жумабаева койду.

 

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, актёрдук курам, коюучу режиссёр корейлер, ал эми хореография жана үн жагын казакстандык команда колдогон.

 

«Кош бол, Гүлсары» спектаклин быйыл Түштүк Кореяда өтө турган театр фестивалда көрсөтүү пландалууда.